Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан товарларды жалган декларациялоо фактысы аныкталды. Көчмө бажы текшерүүнүн жүрүшүндө жеке ишкер үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташып кирген товарларды жалган декларациялоо катары каралган бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн болжолдуу суммасы 22 миллион сомдун тегерегин түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдикт реестрине катталган. Чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.