Жаңылыктар
Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылынын тургунунун сарайынан жылкы уурдоого шектүү адам кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылынын тургунунун сарайынан жылкы уурдоого шектүү адам кармалды

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен Боз-Бармак айылынын тургуну 26 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран кайрылган, ал арызында 2021-жылдын 24-январына караган түнү анын короосундагы сарайдан жылкы уурдалганын билдирген. Ошентип, арыз ээсине олуттуу зыян келтирилген.

Аталган факт Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш-жаза кодексинин 200- (уурдоо) беренесине ылайык, сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, жогорудагы кылмышка шектүү делип, Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата районунун Криминалдык милиция кызматкерлери, 28 жаштагы А.С. Чүй облусунун тургунун кармашкан.

Кылмышка шектүү буга чейин мал базарында уурдалган жылкыны ири суммага сатууга жетишип, өз муктаждыктарына жумшагандыгы белгилүү болгон. Сотко чейинки өндүрүш иши учурда уланууда.