11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону каржылоого бюджеттен 425 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу 16-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, чыгымдар сметасы дүйшөмбү күнү Боршайкомдун кезектеги отурумунда бекитилди.
“425 миллион сом өлчөмүндө бекитилди. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түздү” - деди Бекматов.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Былтыр апрелде Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышары кабарланган. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган.