Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантууда жана өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.