Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымында 16-февралдан 20-февралга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.
Ошого байланыштуу 15-февралда Кыргыз Республикасынын премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №1 буйрутмасы чыккан.