15-февралда Кыргыз Республикасынын УКМК ККК пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору «М.А.С.» кармалды.
Такталгандай, Эсептөө палатасынын инспектору «М.А.С.» Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башин районунун айылынын биринин башчысынан 60 (алтымыш) миң сом акча каражатын алган.
Кармалган «М.А.С.» Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.