14-февралда Кыргызстандын чек ара кезмети Баткен облусунун Паскы-Арык айылынын Уч жерлигиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандары тарабынан көчөттөрдү отургузуу аркеттерине бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.
Күн мурун, 15-февралда кыргыз чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерден курулуш иштерин жүргүзүү аракетине бөгөт коюшкан. Тажикстандын жараны - Сурх айылынын тургуну Кыргызстандын Баткен районунун Миң-Өрүк жерлигинин тушунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагындагы шарттуу чек ара сызыгынан 10 метр аралыкта тосмо пайдубалын тургузууга аракет кылган. Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагынын аталган жерде кырдаал туруктуу.