Жаңылыктар
Учурда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында абал туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Учурда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында абал туруктуу

Учурда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында абал туруктуу. Бул боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов биздин каналга билдирди. 

Ал арада Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек ара сызыгы аныкталып, ратификацияланганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди. 

“Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек жерлеринде делимитацияланган мамлекеттик чек ара 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө эки өлкөнүн ортосундагы келишимине жана ушул эле жылдын 2-октябрында ратификацияланган мыйзамга ылайык аныкталган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, Ала-Бука районунун чек арага канаатташ аймактарынын тургундары, Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек жерлеринде мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүнө макул эместигин билдирип жатышат. Аталган тилкелерде жагдай курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын Ала-Бука тилкеси боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Пунган багыты боюнча чек ара өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында алабукалыктардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Өзбекстандын аймагында өзбек тарап жүргүзүп жаткан геологиялык чалгындоо иштери убактылуу токтотулган.