Соңку күндөрү Баткен облусунун Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарында жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар болууда.
Акыркы эле окуяларда тажик жарандары такталбаган аймакта көчөт отургузуп жатканы, "Тандыр" деп аталган жайытка чек ара аскерлеринин турушу тургундардын нараазычылыгын жараткан. Ал эми 15-февраль күнү Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтү менен Өзбекстандын Сох районунун чектешкен жеринде өзбек тарап электр энергиясын тартууга мамыларды орноткон.
Бул дагы чек арадагы тургундардын толкундоосун жаратты. Жагдай боюнча чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп электр мамылары алынган. Облустук бийлик чек араны тактоо эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу жүргүзүлөрүн билдирди. Делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуулары пандемияга байланыштуу токтоп турган. Март айынан баштап кайра жанданаарын кошумчалашты. Андыктан тургундарды чагымчылдыкка алдырбай, сабырдуу болууга чакырды.
"Элдер бүгүнкү күндө бири-бизди түшүнүү менен провокацияга алдырбай ишти алып барайлы деген сөз. Ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей сабырдуулукка барайлы. Жакында делимитация демаркация комиссиясынын иши жүрүшөт. Алдыда дагы көп нерселер чечилет",- деди Баткен облустук коргонуу бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов.