Жаңылыктар
Саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү

Президент Садыр Жапаров кол койгон “Саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосунун, саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка ылайык тармактагы көйгөйлөр белгиленип, аларды чечүү милдеттери коюлду. 

Президент кол койгон жарлыкка ылайык тармактагы системалуу көйгөйлөрдү аныктоо, жарандардын жашоо узактыгын жогорулатуу үчүн шарт түзүү, медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өнүктүрүп иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду.

Жарлыктын дагы бир маанилүү бөлүктөрүнүн бири кадр даярдоо жана билим берүү. Анын ичинде бардык медициналык адистиктер үчүн бюджеттик орундарды көбөйтүү менен региондордо кадрдык ресурстарды пландоону жана башкарууну эске алып, медициналык билим берүүнү реформалоо тапшырмасы коюлду.

Ошондой эле зарыл дары-дармектердин стратегиялык запасын түзүү, эмгек акыны этап-этабы менен жогорулатуу, медициналык кызматкерлер үчүн турак жай куруу, жеке медициналык секторду кеңейтүү, саламаттык сактоону өз убагында жана толук каржылоо, бөлүнгөн акчанын максаттуу сарпталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы коюлду. Аны менен бирге өкмөт коронавируска каршы эмдөө боюнча маселени кечиктирилгис тартипте чечүүгө милдеттендирилди. 

Жарлыкка ылайык телемедицина кызмат көрсөтүүлөрүн активдүү ишке киргизүү үчүн мыйзамдык базаны иштеп чыгуу, заманбап маалыматтык, медициналык технологияларды, илимий-практикалык ыкманы киргизүүнү тездетүү жана фармацевтика өндүрүшүн өнүктүрүү чаралары каралды. Ошондой эле дары дармекке болгон бааны көзөмөлдөө, дары каражаттарын жүгүртүүнү электрондук жөнгө салуу тапшырылды.