Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууда. Конституциялык кеңешме Баш мыйзамды үч айга жакын убакыт талкуулап, парламентке жөнөттү. Себеби талаш-тартыш жарата турган ченемдер болду - дейт кеңешменин мүчөлөрү. Айрыкча Башкаруу формасы, президенттин ыйгарым укуктары жана башка беренелер көп талкууларды жаратты. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн айтымында бул жолу Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары менен кошо жоопкерчилиги да так жана даана көрсөтүлдү. Президент өкмөт мүчөлөрүн бекитүү менен аткаруу бийлигинин ишине да жоопкерчилик алат.
Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери бул онунчу жолу жүргүзүлүп жаткан Конституциялык өзгөртүү. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн айтымында бул жолкуда Баш мыйзам кыргызча жазылып, бир топ нарктуу, улуттук дөөлөттөрдү барктоо боюнча жаңылыктар кирди. Негизгиси Баш мыйзамда аткаминерлердин ыйгарым укуктары менен жоопкерчилиги даана көрсөтүлдү. Ошол эле учурда мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлгө ала турган курултай институту кирди. Бул да болсо бийликтин ээси эл экенин айкындайт.
10-январда өткөн референдумда эл өзүнүн тандоосун жасады. Кыргызстандыктар саясий эркин көрсөтүп, өлкөнүн башкаруу формасын президенттик деп тандады. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү алар иштеп чыккан Баш мыйзам президенттик республиканын талаптарына жооп берээрин айтышат. Ошол эле учурда толук жоопкерчилик Президенттин мойнунда болот. Талдоочулардын пикиринде мамлекет башчы мурдагыдай чечимдерди көшөгөнүн артында эмес, ачык кабыл алып, жоопкерчиликти да сезе билет.
Ал эми жарандардын айтымында октябрь айында болгон окуянын негизги себептеринин бири азыркы колдонуудагы Баш мыйзамга байланыштуу. Көпчүлүктүн пикиринде колдонуудагы Конституция өлкөнүн өнүгүүсүн артка тартат жана документте элдин таламы каралган эмес.
2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдан айырмаланып жаңы Конституциянын долбоорунда адам укугун коргоого багытталган беренелердин саны көп. Ошол эле маалда балдар укугун коргоо, жалпы жарандардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана эмгек мигранттардын укугун коргоо боюнча беренелер камтылды.