Жаңылыктар
Тынчтык жана туруктуулук - өнүгүүнүн негизи
Кыргызстан жаңылыктары
Тынчтык жана туруктуулук - өнүгүүнүн негизи

Айрым адамдар элди бөлүп-жаруу аракетин жасоодо. Социалдык тармактарда ар кандай ат менен кирип, чагымчыл маалыматтарды жазып жаткандар да бар. Ал арада серепчилер маселени соцтармак аркылуу ырбатбай ар бир жаран коомдун бүтүндүгү, мамлекеттин келечеги, элдин ынтымагы жөнүндө ойлонууга чакырууда.

Майрамбүбү Исмаилова өлкөдөгү коомдук жана саясий кырдаалга кайдыгер эмес. 30 жылдан ашык агартуу тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап келген ардагер социалдык тармактагы маалыматтар менен дайым кабардар болуп турат. Кайсы бир максатты көздөп жазылган билдирүүлөрдү сөз башынан эле баамдайт.

Учурда ынтымак, биримдик, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо зарыл болуп турат. Өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган жарандар элди тынчтык менен ынтымакка чакырууда. Серепчилердин пикиринде мекен, улут тагдырын эстен чыгарып, мансап, бийликке умтулган айрым адамдардын чагымдарына алдырбоо керек. Анткени өлкөнүн тынчтыгы, элдин бүтүндүгү, коомдун ынтымагы кызмат ордунан да бийик экенин эстен чыгарбоо зарыл.

Эң башкысы өлкөдө мыйзамдуулук орноп, стабилдүүлүк жана саясий туруктуулук болсо, инвесторлордун келишине жакшы шарт түзүлүп, өлкө өнүгүүгө бет алат.

Мамлекеттеги туруктуулук жана эл арасындагы ынтымак эң башкы байлык. Ушул тапта элдин биримдиги жана ынтымагы өлкөнүн туруктуулугу жана гүлдөп өсүшү үчүн зарыл. Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өлкөдөгү абалдын андан аркы тынчтыгы үчүн маанилүү экенин серепчилер билдирүүдө.