Жаңылыктар
Чек ара тууралуу маалымат жыйын
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара тууралуу маалымат жыйын

Жыйырма жыл аралыгында такталбаган чек ара тилкелердин саны жетимиштен тогузга азайды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында айтылды. Азыр айрым чек ара тилкелери тактала элек Тажикстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жыйында мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкелерине курулуш баштабоо маселеси айтылды.

Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында такталбаган чек ара тилкелеринин саны азайганы айтылды. Азыркы учурда тактала элек тогуз гана тилке бар. 

Кыргызстан коңшу жайгашкан эки мамлекет менен чек арасын толук тактай элек. Маселен Тажикстан менен болгон чек аранын 60%дан ашыгы аныкталган болсо, Өзбекстан менен сексен пайыздан ашыгы бекиген. 

Бөрүбаев мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине жакын жашаган жарандарды кандайдыр бир капиталдык курулуш баштабоого чакырды. Анткени такталбаган аймакка курулуш салынбашы керек. 

Жыйында коңшу жайгашкан эки өлкө менен тең сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды. Жакын арада эки атайын мамлекеттик комиссиялардын жолугушуу болору белгиленди. 

Белгилей кетсек чек ара кызматы кыргыз-өзбек тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады.