Жаңылыктар
Ардагерлер Ооган согушун эскеришти
Кыргызстан жаңылыктары
Ардагерлер Ооган согушун эскеришти

1979-жылы башталып, дээрлик 10 жылга созулган согушка Кыргызстандан 7 миңден ашык жоокер барган. Мындан туура 32 жыл мурда советтик аскерлер Ооганстандын аймагынан чыгарылган. Бүгүн “Ата-Түрк” паркында ооган ардагерлерин эскерүү-реквиеми өтүп, ага ооган согушунун катышуучулары, шаардык мэриянын өкүлдөрү жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындары катышып, мекенине кайтпай калгандарды эскеришти.

32 жыл мурда кандуу согуш талаасындагы жаш жоокер Улук Абдилазизов азыр элүүнүн кырындагы ардагер. 20 жашында Ооганстандагы согушка аттанган кырчындай жигит ок тынбай атылып турган жерде салгылашуу талаасында өткөрдү. Мекенине кайтып келген соң Молдовановкадагы абакта эмгек жолун улап, азыр пенсияга чыгып, 4 баласына татыктуу тарбия берүү менен алек. Согуш апаатынан тапкан достору менен азыркыга чейин кабарлашып турат.

Согуш талаасында курман болгондордун жакындары аларды баатырларча бөтөн элде тынчтык үчүн окко учканын айтып эскеришсе, мекенине кайтып келгендер каргашалуу окуяга күбө болгонун айтып көздөрүнө жаш алышты. Ошондогу жаш жоокерлердин көпчүлүгүнүн ден соолугу начарлап согуштун запкысын тартып келет. 

Эскерүүнүн расмий бөлүгүндө коргоо министрлиги, шаардык мэрия жана ооганчылардын өкүлдөрү сөз сүйлөп бардык ардагерлерге таазим айтышты. Аны менен катар Казакстандын, Россиянын өкүлдөрү да келип, Ооганстанда тынчтык орношуна кыргыз жоокерлеринин салымы чоң экендигин белгилешти. 

Азыркы тапта ооган согушунун ардагерлери мамлекеттен 7 миң сомдон пенсия алат. Мындан сырткары каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана балдарына да атайын жөлөк пулдар каралган.