Жаңылыктар
Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 32 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 32 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 15-февралда Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 32 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, Россия Федерациясынын Оштогу генералдык консулу Роман Свистин, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаар тургундары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Алгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлду. Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди эскеришип, куран окушту.

Вице-мэр Эмиль Шадыханов Ооган жергесине тынчтык орнотуу үчүн интернационалисттик милдетин ар бир жоокер абийирдүүлүк менен аткарышканын, бул согушка тарых өз баасын бере тургандыгын кошумчалады.

Учурда Ош шаарында 350 интернационалист жоокер, алардын ичинен 4 Ооган согушунун майыбы жашайт.

Мындан тышкары, жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн, Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылганын 32 жылдыгынын урматына интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.