Белгилүү обончу, актёр, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаевдин 80 жылдык маарекеси белгиленди. Салатанаттуу иш-чарада талант ээси Турсунбаевдин обондуу ырлары жаңырды. Кечеге анын туугандары, маданият өкүлдөрү жана коноктор катышты.
Элдик ырга айланган "Алтынчы күнү кечинде", «Ай баратат» чыгармаларынын обонунун автору Нуркан Турсунбаев 3 жашынан тарта комуз чертип, алгачкы жолу 13 жашында Абдыкалый Молдокматовдун «Энеме» чыгармасына обон салган. Аны биринчилерден болуп кыргыз театры менен киносунун жылдызы, карындашы Татыбүбү Турсунбаева аткарган. Андан бери 68 жыл өтсө дагы, чыгарма бүгүнкү күнгө чейин эл арасында ырдалып келет.