Жерлерди трансформациялоо быйыл ишке ашырылат. Бирок анын алдында ар кандай талаш маселелер жаралууда. Ак-Ордо 3 конушунун тургундары жол салына турган тилкелерде да үйлөр пайда болгонуна нааразы.
Бишкек шаарынын айланасындагы бир нече конуштун тургундары жер трансформациясын күтүп келатышат. Ак-Ордо 3 конушунун да макамы азырынча айыл чарба багытындагы аянт болуп саналат. Анын категориясын котормоюнча көйгөйлөр чечилбейт. Тургундар каттоодо жок болгондуктан социалдык кызматтарды ала алышпайт. Жол өтө турган тилкелерде үйлөр салынып калганы алардын түйшүгүн дагы көбөйттү.