Жаңылыктар
УКМК: радиожыштык боюнча мыйзам бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: радиожыштык боюнча мыйзам бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө мыйзам бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Такталгандай, Мамлекетик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси жеке бир компаниялардын биринин өкүлү менен жең учунан сүйлөшүп алып, Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу станцияларын иштетүү үчүн аларга 20 МГц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар радиожыштык спектрин колдонууга лицензия берген.

Ал эми аукционго коюлган радиожыштык спектринин баштапкы баасы 61,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттин кирешесине кириши мүмкүн болгон. Белгилей кетсек, Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сынактын негизинде гана берилет.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө. 

Мындан тышкары, радиожыштыкты пайдаланууга, аларды кийин аукциондо сатуу үчүн негизсиз берилген лицензияларды түзүү жана мамлекетке кайтаруу боюнча жигердүү иш алып барылууда, бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Учурда тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында жалпы баасы 143 миллион сомдон ашуун акчаны түзгөн радиожыштыктарды мамлекетке кайтарып берди.