Жаңылыктар
Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Суваналиев октябрь окуяларына чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругуна ылайык, Маруфхан Тулаев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Мариповдун башка буйругунун негизинде, Баткен районунун администрация башчысы - акими кызматына Акылбек Орозов дайындалды.