Жаңылыктар
Билим берүү жана илим министрлиги: 1-класстар үчүн каникулдун датасын ар бир регион өзү белгилейт
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү жана илим министрлиги: 1-класстар үчүн каникулдун датасын ар бир регион өзү белгилейт

Биринчи класстар үчүн кошумча каникулдун датасын ар бир регион өзү белгилейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 18-июнунда 2020-2021-окуу жылына карата базистик окуу планы кабыл алынган. Ага ылайык, каникулдардын графиги белгиленген. Ага ылайык, окуу жылынын ичиндеги эс алуу күндөрүнүн саны 30 календардык күндөн аз болбошу керек. Ага ылайык, күзгү каникулдар: 8 күн; кышкы каникулдар: 12 күн; жазгы каникулдар: 10 күн. 

Биринчи класстардын коомго аралашуусу бир аз оор болгонун эске алып, аларга 3-чейректе кошумча бир жума каникул берилет. Кошумча эс алуунун даталарын жергиликтүү, регионалдык билим берүүнү башкаруу органдары белгилейт.