Жаңылыктар
Ардагерлер Ооган согушун эскеришти. 10 жылга созулган согушка Кыргызстандан 7 миң жоокер аттанган
Кыргызстан жаңылыктары
Ардагерлер Ооган согушун эскеришти. 10 жылга созулган согушка Кыргызстандан 7 миң жоокер аттанган

15-февраль Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган күн. 1979-жылы 25-декабрда башталып, дээрлик 10 жылга созулган жарандык согушка Кыргызстандан 7 миң жоокер барган. 

Алардын 1,5 миңдейи денесинен түрдүү жаракат алган, 400 адам майып болуп келсе, дагы төртөө дайыны белгисиз жоголгон. Мындан 32 жыл мурда, 1989-жылы 15-февралда кандуу согуш токтоп, аскерлер Ооганстандын аймагынан чыгарылган. Ушуга байланыштуу эскерүү иш-чарасына ооган согушунун катышуучулары, шаардык мэриянын өкүлдөрү жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындары катышты. 

Согуш талаасынан кайтпай калган 252 жоокердин үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүлүп келе жатат. Арадан 32 жыл өткөнү менен жоокерлер ошол кездеги көз ирмемдерди күнү бүгүнкүдөй эскеришет. Ден соолугунан ажыраган согуш ардагерлеринин катары күн өткөн сайын суюлуп баратат.

"Шаардык мэрия жыл сайын Ооган ардагерлеринин күнүн белгилеп келет. Азыркы тапта Бишкек шаарында ооган согушунун катышуучулары, ошол жакта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү атайын кенемте пенсия менен камсыз болушкан. Арасынан денесинен оор жаракат алып майып болгондору бар. Аларга жыл сайын ден соолугун чыңдоочу көмөктөр көрсөтүлүп турат",- деди Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева.