Жаңылыктар
Ниязбеков шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы жетекчисин жамаатка тааныштырды
Кыргызстан жаңылыктары
Ниязбеков шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы жетекчисин жамаатка тааныштырды

Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков борбордук милициянын өздүк курамына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы жетекчиси Бакыт Матмусаевди тааныштырды.

Улан Ниязбеков белгилегендей, Бакыт Матмусаев ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып, өзүн ар дайым мыйзамдын сакчылыгында турган сабаттуу жана кесипкөй кызматкер катары көрсөткөн. Ал уюштуруучулук жөндөмгө жана ички иштер органдарында чоң тажрыйбага ээ.

Улан Ниязбеков жаңы жетекчиге жана Бишкек шаардык ИИББнын жеке курамына мындан ары кызмат өтөөдө, жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоодо ийгиликтерди каалады.