Чүйдө аскердик бөлүктүн аймагында жер көчкү жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-февралда кабарлагандай, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №10127 аскердик бөлүктүн аймагына жекшемби күнү болжол менен 600 метр куб жер көчкү түшкөн. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бүгүн окуя болгон жерде тактоо иштери уланууда. Бөлүктүн аскерлери нөөмөттө турушат.