Ички иштер министрлиги айрым район, шаарлардагы жергиликтүү жетекчилерин алмаштырды. Айрымдары кызматтан алынды, көбү башка аймактарга ротацияланды.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник Канат Жумагазиев Ысык-Көл облусуттук ички иштер бөлүмүнө башчы болуп дайындалды. Ысык-Көл облусттук ички иштер бөлүмүн жетектеген милициянын полковниги Улан Асанбеков ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулду. Нарын облусттук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына Алмазбек Жумабеков дайындалды.
Баткен ОИИБнын жетекчиси, милициянын полковниги Акылбек Мамасеитов Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды. Бул кызматта иштеп жаткан Мурат Боронов Баткен ОИИБнын башчысы кызматына дайындалды.
Талас ОИИБнын начальнигини милдетин убактылуу аткаруучу болуп Марлис Асанов дайындалды.
ИИМдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын полковниги Бакыт Матмусаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы кызматына, ИИМдин жетекчилик курамына дайындоолор боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Ош областтык ИИБнын начальниги кызматына дайындалды.