Жаңылыктар
Кыргыз - араб илимий-изилдөө борборун куруу маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - араб илимий-изилдөө борборун куруу маселеси талкууланды

Кыргызстанда биргелешкен кыргыз - араб илимий-изилдөө борборун куруу маселеси талкууланды. Талкуу Абу-Даби шаарында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадинин эки тараптуу жолугушуусунда болду. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Алсак, Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-араб илимий-изилдөө борборун куруу, студенттерге бул өлкөнүн ЖОЖдорунда стипендиялык программалар аркылуу окуу үчүн квоталарды бөлүү жана буга чейин түзүлгөн жумушчу топтордун алкагында эки министрликтин кызматташытыгын улантуу тууралуу маек болду.