Жаңылыктар
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде. Советтик жоокерлердин Ооган аймагынан чыгарылганына 32 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде. Советтик жоокерлердин Ооган аймагынан чыгарылганына 32 жыл болду

Бүгүн, 15-февралда Советтик жоокерлердин Ооган аймагынан чыгарылганына 32 жыл болду. 1989-жылы ушул күнү советтик аскерлер Ооганстан аймагынан толугу менен чыгып кетишкен. 

9 жылга созулган апаатта Кыргызстандын 7141 аскери согушка катышып, душмандын огунан 300ү каза болгон. Миңдеген мекендешибиз ар кандай деңгээлде жаракат алган. Буга байланыштуу өлкө аймагында эскерүү иш-чаралары өтөт.