Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 41 адамдан табылып, 1 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 41 адамдан табылып, 1 адам каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 41 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Каза болгон киши Чүй облусунун тургуну болчу. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 15, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 18, Нарын облусунда – 5 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 53 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 444 бейтап, амбулатордук түрдө 387 адам дарыланууда. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 196 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 118 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 516 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 306 киши айыгып чыкса, 1 миң 442 адам каза болду.