Жаңылыктар
Панфилов районунан 49 баш кой уурдоого шектүү жарандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Панфилов районунан 49 баш кой уурдоого шектүү жарандар кармалды

Ушул жылдын февраль айында өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына Панфилов районунун жашоочусунун видео кайрылусуу чыккан, ал кайрылуусунда белгисиз адамдар тарабынан тоноо жолу менен бир нече кой уурдалганын айтып милиция кызматкерлерине нааразычылыгын билдирген. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди. 

Бул видео кайрылуу боюнча Чүй ОИИББ төмөнкүлөрдү билдирет: 2020-жылдын 8-октябрь күнү Панфилов РИИБүнө арыз менен жергиликтүү жаран кайрылып, 8-октябрь күнүнө караган түнү анын сарайына белгисиз адамдар келип, мал караган адамдарына күч колдонуп коркутуп сарайдан  49 баш койун уурдап кеткендигин билдирген. 

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй ОИИББнын жана Панфилов РИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан бир топ ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн. Натыйжасында бул кылмышка шектүү делип үч жаран кармалган, алар 1989-жылы туулган Б.Н., С.А., жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1982-жылы туулган К.З. аныкталган.

Белгилеп кетчүү нерсе социалдык тармактарда таратылган видео материалдагы кайрылган жарандын ой-пикири боюнча милиция кызматкерлери иштебей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыш катталгандан баштап бардык ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн, тергөөнүн кызыкчылыган карата бардык болгон маалыматтар берилген эмес. Учурда кармалган адамдар тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.