Жаңылыктар
ӨКМ: Кара-Суу районунун Каракур айылында тоодон таш кулап, чарбак дубалдарын бузду
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Кара-Суу районунун Каракур айылында тоодон таш кулап, чарбак дубалдарын бузду

Ош облусунда 14-февраль күнү болжол менен саат 09:18 чамасында Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Каракур айылында тоодон 1м3 болгон 3 даана таш жана 5-6 даана майда таш түшүп, Капаров Жалал аттуу тургундун турак жайынын таштан курулган чарбагынын дубалын бузуп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жабыркагандар жок. Турак жайына жана мал сарайына зыян келтирген эмес. Аталган тилкеде таш кулоо коркунучу бар болгондугуна байланыштуу, коопсуз жердеги 50-60 метр алыстыктагы кошунасынын турак үйүнө убактылуу көчүрүлгөн. Турак үйдүн ээсине түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.