Нарын облусунун Кочкор районунда 14-февраль күнү саат 07:03 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымындагы Сары-Чат тилкесинде Honda-Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен.
Унаадагы жалпы 7 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышып, Кочкор райондук ооруканага тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.
Жерине ӨКМдин өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, унааны коопсуздандырып беришкен.