Талас облусунун Талас районунда 14-февраль күнү саат 16:56 чамасында Арал айылында көлмөгө 2018-жылы туулган жаш бала чөгүп кетип, баласын куткарам деп 1996-жылы туулган баланын апасы да кошо чөгүп кеткен.
ӨКМдин өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин баланын атасы, баланын жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.