Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташса, 1-марттан тарта мектептер жана бала бакчалар толук ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева ата эне, мугалимдер жана дарыгерлердин катышуусунда өткөн жыйында билдирип, анда коюлган талаптар боюнча талкуу жүрдү.
Азырынча коронавирус оорусуна байланыштуу абалды жакшы деп айтууга болбойт. Акыркы бир жарым ай ичинде 43 бала жугуштуу ооруга чалдыкканы белгилүү болду.
Бишкек шаарынын тургуну Карлыгач Тубекованын уулу борбордогу мектептердин биринде 2-класста окуйт. Кызы болсо мамлекеттик бала бакчада тарбияланчу. Дээрлик бир жылга жакын балдары менен үйдө отурган эне, онлайн окуунун пайда зыяны тууралуу буларды айтып берди.