Жаңылыктар
Кызматташтыктагы жаңы кадамдар. Эриш аркак жылынын алкагында Кыргызстанда Россиянын күндөрү өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кызматташтыктагы жаңы кадамдар. Эриш аркак жылынын алкагында Кыргызстанда Россиянын күндөрү өтөт

Түз баарлашууну эч нерсе алмаштыра албайт. Эриш аркак жылынын алкагында Кыргызстанда Россиянын күндөрү өтөт. Бул тууралуу Россиянын Президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой биздин каналга маалымдады.

Кремль сарайындагы Кыргызстан менен Россиянын Эриш аркак жылынын салтанаттуу ачылышы эч кимди кайдыгер калтырган жок. 2020-жылы өлкөлөрдө эки жүздөн ашуун иш-чара өткөрүлүшү керек болчу. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясынан улам, алардын көпчүлүгү онлайн режиминде өтүп, калган жолугушуулар, конференциялар жана концерттер кийинки жылга жылдырылган.