Мамлекеттик салык кызматы Бишкек, Чүй жана Ош облустарына рейд жүргүзүп, алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктады.
Мекеменин маалымат кызматынан билдиргендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыш жана идиштеги 7 миң 347 бөтөлкө ичимдик жок кылынды.
Тактап айтканда, уруксат берүүчү документтер жок алкоголдук продукцияны сактап жана сатып жаткан 9 дүкөн аныкталды.
Ошондой эле Бишкекте күмөндүү акциздик маркалар менен кустардык түрдө өндүрүлгөн алкоголду мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган. Субъектте сатылуучу продукцияга лицензия жана коштомо документтери жок болгондуктан, 2500 бөтөлкө ичимдик тартып алынды.
Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.