Коронавирус менен күрөшүүдө кызыл тилкеде иштеген 5297 медицина кызматкерине 84,5 млн сом кошумча каражат төлөнүп берилди. Бул тууралуу милдеттүү межициналык камсыздандыруу фонду кабарлады.
Ушул жылдын январь айында 1203 дарыгер вируска каршы күрөшүүдө иштеп аларга 25 млн 300 мин сом каражат төлөндү. Мындан сырткары 2 122 орто персоналдар иштеп, аларга 33 млн сомдон ашык акча которулду. 1 972 кенже кызматкерлер үчүн 26 млн 150 миң сом төлөндү. Бул каражаттардын бардыгы кызматкерлер иштеген медициналык тармактарга которулду.