Бишкек шаарындагы мектептерде билим алган 1-класстын окуучулары 15-февралдан баштап каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бир жумалык каникулга 1-класстын окуучулары гана тарап, кайра 22-февралда окуу башталат. Ал эми 23-февраль майрам болгондуктан, бир күн эс алып, эртеси окушат. Аймактарда кошумча каникулдарды ар бир облус, райондун жетекчилери өз алдынча чече турганы айтылды. Эске салсак, Бишкекте 18-январдан бери оффлайн режиминде 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана билим алып жатышкан. Калган класстар аралыктан окуйт.