Жаңылыктар
УКМК: пара талап кылуу фактысы боюнча "Кыргызалтын" башкармалыгынын төрагасы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: пара талап кылуу фактысы боюнча "Кыргызалтын" башкармалыгынын төрагасы кармалды

Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча "Кыргызалтын" башкармалыгынын төрагасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы тарабынан алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алуу системалуу фактылары аныкталды. Кармалган жаран алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган. 

12-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, ал 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды. Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Кыргызалтындын" жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалган адам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.