Жаңылыктар
ИИМ: 2020-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: 2020-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму өттү

ИИМдин ички иштер органдарынын 2020-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. Ага премьер-министр баштаган министрликтин өкүлдөрү жана облусттук, райондук башкармалыктардын жетекчилери катышты. 

Отурумда соттук-укуктук реформанын жүрүшү жана 2021-жылга карата негизги уюштуруу иш-чаралар мерчемин талдап бекитүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоонун абалы жана жарандардын укуктары менен коопсуздугун сактоо багытындагы негизги маселелер талкууланды. Ошондой эле, бир жылдын аралыгында, ченемдик укуктук базалардын жакшырышы менен 67 укуктук ченемдик актынын иштелип чыгуусу айтылды. 

Маалыматка караганда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жакшырышы, элге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн буга чейин 7 борбор, 16 пункт “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүү түйүндөрү ачылган. Ушул иш-чараны улап, 2020-жылы 8 жерге пункт ачылды. Быйылкы жылы 6 районго ушундай эле “Бирдиктүү терезе” пункттарын ачуу пландалууда. Буга чейин 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагына пилоттук долбоор катары “Патрулдук милиция кызматы” ишке киргизилген. 

Азыркы учурда эл арасында коомдук тартипти күчөтүү максатында, “Милициянын көчмө кабылдамасы" элди кабыл алууга бардык шарты түзүлгөн 42 даана унаа кабылдамалары ишке киргизилип, ушул январь айынын ортосунан баштап эл арасында иштеп келүүдө. Коллегиянын жыйынтыгында бир катар жетекчилерге эскертүүлөр жана тартип жазалары берилип, жол коопсуздугун камсыз кылуу, криминалдык милиция кызматынын кылмыш бетин ачуудагы кемчиликтерди жана алдын алуу иштерин жакшыртуу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Асанбаев ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан бошотулду. Мындай чечим министрликтин коллегиясынын корутундусунда кабыл алынды. Маалыматка караганда, Асанбаев коомдук тартипти коргоону камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан алынган. 

Белгилей кетсек, ал 2019-жылдын февраль айында облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган жана ага чейин ал Каракол шаардык мамлекеттик администрациясын жетектеген.