Өлкөнүн коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Катар мамлекетинин Коргоо министрлигинин делегациясынын протоколдук жолугушуусу өттү.
Маалыматка ылайык, Катардын Коргоо министрлигинин аскер окуу дирекциясынын төрагасы Джасим Ахмад Мухаммад Аль-Муханнади, Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмед Аль-Сулейни жана Катардын Коргоо министрлигинин улуттук коргоо жана кризиске жооп кылуу борборунун кол башчысы контр-адмирал Абдулла Аль-Бордайни менен болгон жолугушууда аскер жаатындагы аскердик кызматташуу боюнча долбоор талкууланды.
Ошондой эле, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн Катар делегациясы менен жумушчу жолугушуусу өтүп, анын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси каралды. Катар мамлекетинин аскердик окуу жайларында жаш кадрларды даярдоо жана тоо шарттарында күжүрмөн даярдык боюнча биргелешкен иш-чараларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкууга алышты.