Жаңылыктар
Былтыр музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Былтыр музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулады

Былтыр музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулады. Музыкалык окуу жайларда окуу куралдары, аспаптар жаңыртылууда. Бул жана башка маалыматтар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгын жана келечек максаттарын талкуулаган жыйынында айтылды.

Министрлик бир катар эл аралык өнөктөштөрү менен кызматташууда. Маселен Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайы кыргыз жаштарын акысыз окутууга атайын квота бөлдү. Жатакана, стипендия менен камсыз кылынат.