Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында эки кабаттуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. 225 орунга ылайыкталган билим уянын ичинде шарттар толугу менен каралып, окуучу жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу. Жылуулук тутуму мыкты, сапаттуу коюлуп, бөлмөлөр жылуу. 2 кабаттуу жаңы мектепти куруу үчүн жалпы 62 миллион сом жумшалган.
Мектептин пайдубалы 2013-жылы эле түптөлгөн экен. Андан бери каражат жок, айыл окуучулары дубалы жарык муздак мектепте билим алышчу. Жаңы мектепке билим берүү министрлиги заманбап жабдыктарды да тапшырды.