Ипотекага үй же башка мүлк алган жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшыргандан кийин салык органдарына арыз менен кайрылып, эсептөө жүргүзүп, ошол ипотека үчүн жыл сайын төлөгөн акчасынын кайсы бир бөлүгүн артка кайтарып алса болот. Буга жол берген мыйзам салык кодексинде жазылган. Ипотекага мүлк алган жаран канча каражатын артка кайрып алышы мүмкүн?