Жаңылыктар
Айымдар орчундуу маселелерди талкуулашты
Кыргызстан жаңылыктары
Айымдар орчундуу маселелерди талкуулашты

Бишкекте “Учурдагы социалдык-экономикалык процесстер: алардын көйгөйлөрү, перспективалар жана аны чечүүнүн жолдору” аттуу конференция өттү. Жогорку Кеңештин жыйындар залында өткөн иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан келген айымдар катышып, аялдардын коомдогу ролу тууралуу ойлору менен бөлүштү. 

Аял-эне, аял-үйдүн куту болуу менен бирге коомдук ишмер, жетекчи да боло алат. Ал үчүн айымдарга болгону шарт жана колдоо керек, - дейт алыскы Ноокат районунан келген Атыргүл Дадаева. Аймакта топтолгон көйгөйлөрдү айтуу үчүн ал атайын борборго келген.