Жаңылыктар
Баткен: чек арадагы жайыт жери тууралуу
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: чек арадагы жайыт жери тууралуу

Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы чек арага жакын турган “Тандыр” деп аталган жайытта тажик чек арачылары эки күн мурда кайтарууга алышкан. Ал жерде кошуна тарап трактор менен өздөштүрүү иштерин да баштаган. Буга нааразы болгон аксайлыктар жергиликтүү бийликке кайрылышкан. Облус башчысы тажик чек арачылары аталган жайыттан чыгарылганын билдирди. \

8-февралдан бери Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары “Тандыр” жайытына мал айдап чыга албай убара. Анткени айыл чек арада тургандыктан, коңшу Тажикстандын чек арачылары аталган жайытты кайтарууга алып, трактор менен өздөштүрүү иштерин баштаган. Буга нааразы болгон жергиликтүүлөр облус бийлигине келип, абалды жөнгө салууну талап кылышууда.