Жаңылыктар
Базар-Коргон айыл өкмөтүнө шаар макамы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Базар-Коргон айыл өкмөтүнө шаар макамы берилди

Базар-Коргон айыл өкмөтүнө шаар макамы берилди. Буга чейин Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарын түзүү боюнча мыйзамга кол койгон. Район борборун шаарга айландыруу жергиликтүү элдин демилгеси болгон.

Базар-Коргон айыл өкмөтүн шаарга айландыруу демилгесин жергиликтүү жашоочулар көп жылдан бери көтөрүп келген. Элдин үмүт-тилеги ишке ашып, шаар макамы ыйгарылды. Базар-Коргон шаарын түзүү боюнча мыйзам 20-январда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, өлкө башчы 5-фералда кол койгон. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.