Мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы быйыл белгиленет. Тарыхый датаны утурлай эгемендүүлүктүн башатында турган инсандын мааракесин өткөрүү жөнүндө жарлыкка Президент кол койду. Ага ылайык улуттук лидердин элеси мамлекеттик деңгээлде эскерилмекчи.
Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору отурган бул стол бир кезде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кышын кынагандардын бири Жусуп Абдрахмановдун иш бөлмөсүндө турган. Мамлекеттик ишмер Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы болуп турганда дал ушул столдо отуруп мамлекет үчүн маанилүү болгон чечимдерди кабыл алган. Далай документтерге дал ушул жашыл матанын үстүнөн кол коюлган.