Жаңылыктар
Садыр Жапаров кечээ күнү КТРК каналына берген маегинде коомчулук арасында талкууланып жаткан актуалдуу суроолорго жооп берди
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров кечээ күнү КТРК каналына берген маегинде коомчулук арасында талкууланып жаткан актуалдуу суроолорго жооп берди

Президент Садыр Жапаров кечээ күнү коомдук каналга берген маегинде коомчулук арасында талкууланып жаткан актуалдуу суроолорго жооп берди. Өзгөчө мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучуну дайындоонун айланасында түзүлгөн кырдаал, баш мыйзамдын жаңы долбооруна токтолду. 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасындагы талкуу ушул аптада коомчулуктун көңүл борборунда болду. Алгач аталган уюмдун башкы эсепчиси пара берүүгө шектелип кармалган. Кийин болсо ажылыктан түшкөн акча кайсы бир каржы уюму аркылуу насыяга берилип, түшкөн пайыз жеке максаттарга колдонулганы айтылды. Аны улай эле азирети муфтий өз арызы менен кызматтан кеткени маалым болгон. Ошол күнү эле Токтомушев кармалганы тууралуу кабарланды.