Турак жайы жок жарандар эми жаңы долбоордун алкагында үй алса болот. Мамлекеттик ипотекалык компания кезектеги “Менин үйүм” долбоорун иштеп чыкты.
Анын алкагында жарандар үчүн Кыргызстандын каалаган аймагынан турак жай алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Онлайн каттоо аркылуу турак жай алууну каалагандардын саны 6,5 миңден ашты. "Менин үйүм" долбоорунун алкагында турак жай эки багыт менен берилет. Бюджеттик уюмдарда иштегендер үчүн 3 млн сомго чейин, башка бардык жарандарга 4 млн сомго чейин насыяга үй сунуштайт. Каалаган жаран жер тилкесин, жеке турак үй жана көп кабаттуу батир алса болот.
Берилчү сумма 100 миң сомдон жогору. Каражатты төлөө мөөнөтү кардардын шартына жараша келишимдик негизде түзүлөт. Максималдуу убактысы 20 жыл. Жылдык үстөк пайызы 6%дан жогору болот. Кардар тандаган турак жайдын аянты 100 чарчы метрге чейин болушу шарт. Баштапкы төлөм катары негизги сумманын 10-30 пайызга чейинки бөлүгүн төлөө зарыл. Калган сумма кардар айткан убакытка, ай сайын бирдей төлөнүүчү өлчөм менен эсептелет.
"Бизде азыр негизги максат жарандарды турак жай менен камсыз кылуу. Долбоорду расмий баштаган соң тизмеде кезекте турган жарандарга четинен бериле баштайт. Турак жай алууну каалагандын басымдуу бөлүгү Ош жана Бишкек шаарларынан болуп жатат",- деди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова.