Жаңылыктар
Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу боюнча ипотекага мүлк алгандардын эсине
Кыргызстан жаңылыктары
Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу боюнча ипотекага мүлк алгандардын эсине

Ипотекага үй же башка мүлк алган жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшыргандан кийин салык органдарына арыз менен кайрылып, эсептөө жүргүзүп, ошол ипотека үчүн жыл сайын төлөгөн акчанын кайсы бир бөлүгүн артка кайтарып алса болот. 

Тактап айтканда бир жыл ичинде ипотекага төлөнгөн акчанын негизги төлөмүн эмес, анын пайыздык төлөмдөрүнүн жалпы суммасынын 10 пайызын артка кайрый алат. Бул тууралуу салык кодексинде жазылган. Ал үчүн мүлктү ипотекага алган жаран салык органына жана ипотека алуу боюнча келишим түзгөн банкка барып кеп-кеңеш алып, тиешелүү кагаздарды толтуруп, өткөрүшү керек. Болжол менен бир айга жетпеген убакытта тиешелүү суммадагы акчаны артка кайрый алат.

"Мисалы жаран жылына 240 миң сом төлөсө 2020-жылы, анын ичинен 100 миңи негизги, 140 процент болсо ошол 140 миң сомдук проценттин 10 пайызы, 14 миң сомду ала алат",- деди Биринчи Май райондук салык башкармалыгынын улук инспектору Айзада Абдрасулова.