Жаңылыктар
Кадыр Досонов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Кадыр Досонов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен "Женго" кайманаты аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди. 

"Соттун чечими менен Кадыр Досонов 2021-жылдын 8-апрелине чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды", - деп айтылат маалыматта. 

УКМК уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу боюнча аракеттерин улантуунун негизинде Досоновдун бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган. Былтыр 28-октябрда Ош шаардык соту тарабынан Досоновду камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланган.